Биз менен байланышыңыз

Баткендеги чек арада экинчи жолу ок атылды

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 897 | 1

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде кайрадан ок атылды. 6-август күнү кечки саат 18.30дар чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында 65 жаштагы Р.М., аттуу тургун өзүнүн үлүш тилкесинде иштеп жүргөн жеринде Тажикстан тараптан белгисиз адам ок атуучу курал менен ок чыгарган.

Кыргыз жаранынын оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.

Учурда Баткен облустук милициясы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин, 6-август күнү таңкы саат 05:30дар чамасында, Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде да Тажикстан тараптан белгисиз адамдар мергенчилик куралдан кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарышкан. Анда чек ара отрядынын аскер кызматкерине ок тийип, облустук биргелешкен ооруканага жеткирилген.

Бул фактылар Баткен РИИБнин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 30/130-беренеси «Киши өлтүрүүгө аракет жасоо» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда кыргыз-тажик участкасындагы мамлекеттик чек арада абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM