Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы чыр. Тараптар жагдайды иликтей баштады

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 400 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушту. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 6-августта Согдий облусуна караштуу Исфара районундагы Ходжаи айылында жолугушуу болду.

Ага Кыргызстан тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Тажикстан тараптан Согди облусунун губернаторунун орун басары, аймактагы чек ара кызматтарынын жана эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда октон жаракат алып каза болгон Тажикстандын жараны тууралуу тажик тараптын маалыматы такталды. Тараптар Кыргызстандын октон жаракат алган чек ара кызматкери жана Тажикстандын каза болгон жараны боюнча иликтөө жүргүзмөй болушту.

Андан тышкары, мамлекеттик чек арадагы жана анын аймагындагы жаңжалдарды болтурбоо боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү, жаралган маселени ыкчам чечүү максатында жолугушууларды уюштуруу маселеси айтылды.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда.

6-августта Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарган.

Алдын ала маалыматка караганда, ок мергенчилик куралдан атылган. Анын жыйынтыгында чек арачылардын бири колунан жаракат алды. Ага тийиштүү жардам көрсөтүлдү, учурда абалы туруктуу экени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM