Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстанга 41 млн 800 миң евро грант бөлөт

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 513 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган.

Макулдашууларга ылайык, Германия өкмөтү эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташуу үчүн 2019-2020-жылдар мезгилинде кыргыз өкмөтүнө 41,8 млн. евро грант бөлөт. Анын 21,8 млн евросу техникалык кызматташуу долбоорлоруна, ал эми 20,0 млн евро финансылык кызматташуу алкагында берилүүдө.

Техникалык кызматташтык долбоорлоруна кете турчу каражат төмөнкүдөй бөлүнөт (21,8 млн евро)

-«Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү» долбооруна 4 млн. евро;

-«Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүүгө» 6 млн. евро;

-«Кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» долбооруна 5 млн. евро;

-«Биологиялык ар түрдүүлүк» жана жаңгак токойлору менен жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартууга 2,9 млн.евро;

-«Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүүгө» 2,5 млн. евро;

-«Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүүгө» 1,4 млн. евро бөлүнөт.

Ал эми  финансылык каржылоо алкагында төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет (20 млн. евро):

-«Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасына» 9 млн. евро;

-«Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы»- коштоочу чаралар» 1 млн. евро;

-«Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоорго» 10 млн. евро бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM