Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 7-августта күн ысык болот

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 514 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 7-августта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38;

Ал эми Ош шаарында түнкүсүн +23…+25, күндүз +37…+39 градус болору күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38.

Copyright © 2017 Maral FM