Биз менен байланышыңыз

Өкмөт шайлоону уюштуруу боюнча Республикалык штаб түздү

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 615 | 0

Шайлоо комиссияларын уюштуруу маселелерин кароо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлдү. Аны вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектейт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоого карата өткөргөн жыйында айтты.

Өкмөт мүчөлөрү 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштерин талкуулашты.

«Алдыдагы шайлоо мурдагылардан пандемия учурунда өткөрүлө турганы менен айырмаланат. Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат жана шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандарга вирустун жугушун алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүү керек. Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат», — деди Боронов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, учурда 2464 шайлоо тилкеси бар, анын 44ү чет өлкөлөрдө.

54 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп, алардын курамы бекитилди (650 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, 29 миң 837 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү). Алдын ала тизмеге 24-июлга карата 3 млн 428 миң 873 адам кирди.

Шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүдө жана шайлоочулардын тизмесин тактоо учурунда текшерүү алгоритми иштелип чыккан. Шайлоо участокторунда добуш берүүдө жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып турат.

Copyright © 2017 Maral FM