Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №1 оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев иштен алынды

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 585 | 0

Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев иштен алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда башкы дарыгер Жусуп Бошкоевдин ыктыярчылар алып берген медициналык беткаптарды, жеке коргонуучу каражаттарды бөлүштүрүп бербей койгону айтылган.

Бул маселе боюнча атайын комиссия иштеп, дарыгер кызматынан алынды. Анын милдетин убактылуу орун басары аткарып жатканы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM