Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 11 бейтап каза болду, 569 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 663 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 11 бейтап каза болду. Бишкекте  – 5, Ош ш– 1, Чүй облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 1, Баткен облусу – 2, Жалал-Абад облусу – 1 учур.

Пандемия башталгандан бери 1438 бейтап бул илдеттен көз жумду.

Өлкөдө 5-августка карата коронавирустун 569 жаңы учуру катталды. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, Бишкекте — 190, Ош – 84, Чүй облусу – 45, Ош облусу — 64, Талас облусу – 43, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 41, Жалал-Абад облусу – 47, Баткен облусу — 42.

Вирус жуктургандардын саны 38 миң 110го жетти.

Ошол эле учурда акыркы бир сутка ичинде 767 бейтап коронавирустан айыкты. Алар:

-Бишкек – 184;
-Ош шаары – 65;
-Чүй облусу – 104
-Ош облусу – 102
-Талас облусу – 77
-Нарын облусу – 9
-Ысык-Көл облусу – 80
-Жалал-Абад облусу – 98
-Баткен облусу – 48 бейтап сакайды.

Бул илдеттен 29 миң 510 адам айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM