Биз менен байланышыңыз

Аксыда Өзбекстандын түрмөлөрүнөн качкан эки жаран кармалды

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 419 | 1

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстандын түрмөлөрүнөн качкан эки жаранды кармады. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Ташкенттин Зангиата райондук түрмөлөрүнөн эки соттолгон жаран качкан.

24 жана 28 жаштагы тургундар Өзбекстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган учурда колго түштү. Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Бел-Согот айылылында мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалгандар ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Аксыда Өзбекстандын түрмөлөрүнөн качкан эки жаран кармалды - Калыс Медиа

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM