Биз менен байланышыңыз

“Сапаттын” окуучулары эл аралык химия олимпиадасында күмүш жана коло медалдарды утушту

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 1353 | 0

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары 52-Эл аралык химия олимпиадасында ( ICHO 2020 ) күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

Химия боюнча 52-эл аралык олимпиада 23-29 июль күндөрү онлайн форматта өтүп, ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 235 окуучу катышты.

Кыргызстандын атынан 4 окуучу катышты. Быйыл окуучулар 5 сааттын ичинде 9 теоретикалык маселелерди чечишти.

Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу Кубанычбек Камиль күмүш медалга ээ болду.

Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мамбетов Камил жана Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу Соодонбеков Нурсултан коло медалга татыктуу болушту.

Ар бир катышкан мамлекеттен экиден өкүл Эл аралык калыстар тобунун курамына кирет, алар өз кезегинде тапшырмаларды талкуулашып, аларды катышуучу үчүн ыңгайлуу болгон тилге которуп беришет.

Химия боюнча эл аралык олимпиадага катышууну каалаган өлкө 2 жыл катарынан байкоочу болушу керек. Ар бир мамлекеттин курамасына эң көп дегенде 4 окуучу жана 2 насаатчы кириши мүмкүн.

Бул олимпиада расмий түрдө окуучунун билим деңгээлин сыноочу олимпиада болуп саналат. Катышуучулардын жаш курагы 20дан ашпашы керек.

Химия боюнча эл аралык олимпиададан байгелүү орунду ээлөө химия сабагын тандап алган окуучулар үчүн  эң чоң жетишкендик, ошондой эле бул дүйнөдөгү алдыңкы ЖОЖдорго окуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү платформа болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM