Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 11 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова кабарлады.
Анын ичинде, Бишкек шаарында 4 бейтап каза болду, Ош ш– 1, Чүй облусу – 1, Нарын облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 3, Баткен облусу – 1.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1420га жетти.
3-августка карата коронавирустун жаңы 410 учуру катталды. Вирус жуктургандардын жалпы саны 37 миң 129га жетти.
Аймактар боюнча алганда бир суткада катталган жаңы учурлар төмөнкүдөй бөлүнөт:
-Бишкек — 94;
—Ош – 47;
—Чүй облусу – 33;
—Ош облусу — 79;
—Талас облусу – 8;
—Нарын облусу – 12;
—Ысык-Көл облусу – 66;
—Жалал-Абад облусу – 37;
—Баткен облусу — 34 учур.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 653 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен бул оорудан айыккандардын саны 27 миң 927ге жетти.