Биз менен байланышыңыз

Суу сактагычтарда суу аз. Президент эл жарыксыз калбай турганын айтты

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 698 | 0

Жайында жаан жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей калгандыктан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз топтолду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 1-августта «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде айтты.

Жээнбековдун пикиринде, Токтогулга да, эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына да суу азыраак келип калды.

«Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок тилекке каршы, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей,Токтогулга дагы, биздин республикадагы эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына дагы суу азыраак келип калды», — дейт Жээнбеков.

Токтогул суу сактагычында суу быйыл былтыркыга караганда 2 млрд 400 млн кубга аз. Президенттин айтымында, эл жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгер кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот.

«Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгерде кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйүп, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз», — дейт президент.

Copyright © 2017 Maral FM