Биз менен байланышыңыз

Кубакы ашуусу селдин кесепетинен түшкөн таштардан тазаланды

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 401 | 0

Кубакы ашуусу селдин кесепетинен түшкөн таштардан тазаланды. Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлагандай, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен тоо беттеринен сел жүрүп, чоң таштар жолго түшкөн.

Унаа жолдун Кубакы ашуусунун алты тилкесинде жол таштардан тазаланды.

Автожолдун 258-километри толугу менен тазаланды, ал жактан 600 куб чоң таштар жана шагыл ташылып чыкты, ал эми жолдун 265-километринен 1500 куб таш жана шагыл чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM