Биз менен байланышыңыз

Акыркы бир суткада 1052 бейтап коронавирустан сакайды

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 435 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 1052 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Бишкек шаарында 393 бейтап айыккан, Ош шаарында – 136, Чүй облусу боюнча – 87,  Ош облусу – 84, Талас облусу – 63, Нарын облусу – 33, Ысык-Көл облусу – 75, Жалал-Абад облусу – 103, Баткенде — 78 бейтап коронавирустан айыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны (пневмонияны эске алганда) 25 миң 526ны түздү.

Акыркы бир суткада коронавирустун 662 жаңы учуру катталды. Вирусту жуктургандардын жалпы саны 35 миң 805ке жетти.

Илдеттен көз жумгандардын саны жалпы 1378 болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM