Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 14 бейтап каза болуп, 662 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 513 | 0

Бүгүн, 31-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетинен 14 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 2 бейтап каза болду, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусу боюнча – 4, Баткен облусунда – 1 бейтап көз жумду. Илдеттен көз жумгандардын саны жалпы 1378 болду.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустун 662 жаңы учуру катталды. Бишкекте — 221, Ош – 52, Чүй облусу – 42, Ош облусу — 81, Талас облусу – 22, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 82, Жалал-Абад облусу – 102, Баткен облусу — 47 учур катталды.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 35 миң 805ке жетти.

Коронавирустан айыгып чыккандардын саны акыркы суткада 1052ни түздү. Илдеттен жалпы 25 миң 526 бейтап сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM