Биз менен байланышыңыз

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу бир тараптуу ачылды

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 452 | 0

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу бир тараптуу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 28-июль күнү саат 15:30 чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 114-чакырымында 1500м3 кум шагыл түшүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Кечки саат 22:00дө унаа жол бир тараптуу ачылган.

Ошондой эле аталган унаа жолдун 44-чакырымында да кум-таш аралаш сел суулары түшкөн (көлөмү такталууда) унаа жол жабылган.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине атайын техника тартылып, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолун тазалоо иштери улантылууда.

Гидрометеорология боюнча агенттиги туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүүсү мүмкүн экендиги боюнча шашылыш эскертүү тараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM