Биз менен байланышыңыз

Жумгалда 31 турак үйдүн короосун суу каптады

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 378 | 0

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 27-июлда жааган жаандын кесепетинен Чаек айыл аймагынын Май-Кокту, Кашка-Терек тилкесиндеги коктулардан келген сел суулары Күчүк-Арык каналына батпай суу ашкан. Натыйжада 31 турак үйдүн короосун, 6 турак үйдүн жер төлөөсүн жана эки социалдык объектини суу каптаган.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары жана атайын техникалар тартылып, ички чарбалык унаа жолдорду, 4 турак үйдүн короолорун жана көпүрөлөрдүн алдын кум-шагылдан тазалашкан.

Селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 29-июль күнү улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM