Биз менен байланышыңыз

Белгилүү адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов көз жумду

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 646 | 0

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү адабиятчы, сынчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов 80 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды.

​Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында жарык дүйнөгө келген.

​Ал 1974–1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976–1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы болуп эмгектенген.

1983-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу, 1985–1986-жылдары аралыганда «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы, 1989–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы, 1999–2005-жылдар ичинде Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болгон.

2005–2007-жылдары И.Арабаев атындагы университеттин профессору, 2007-жылдан тарта Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору.

Кадыркул Даутов 1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келген. 1977-жылы «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы жарык көргөн.

Кадыркул Даутов “Жаңы чектерге”, “Главное – поиск”, “Сөз өнөрүнүн эстетикасы”, “Таланттар жана тагдырлар”, “Тереңдиктер жана бийиктиктер”, “Адабий сын кантип жаралган?”, “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү”, “Мезгил сыны жана мен”, “Түркүн дүйнө элестеринен”, “Издегеним тубаса акын, тунук поэзия” өңдүү көптөгөн курч жана таасын жазылган адабий-сын китептердин, монографиялардын автору. ​

Кадыркул Даутовго “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» мамлекеттик наамдары ыйгарылган.​

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, И.И. Исаков, А.Э. Эркебаев, К.Ж.Жусупов, Ө.Даникеев, О.Султанов, А.Өмүрканов, Ш.Дүйшеев, А.Рыскулов, А.Жакшылыков, М.Абакиров, Т.Мамеев, С.Жетимишев, М.Мамазаирова, Н.Алымбеков, М.Аматов, К.Урманбетов, К.О. Иманалиев, А.К. Жаманкулов, С.А. Раев, З.С. Молдокулов, А.Т. Тажибаев, К.Садыков, А.Акматалиев, О.Ибраимов, Л.Үкүбаева, С.Алахан, С.Байгазиев, А. Мусаев, У.К. Жылкыбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM