Биз менен байланышыңыз

Алгач кайсы өлкөлөр менен каттамдарга уруксат берилери айтылды

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 4238 | 0

Кыргызстан бир топ эл аралык каттамдарды жандандыруу аракетин көрүп жатат. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун айтымында, биринчи иретте Орусия тараптагы каттамдар, Түркия, Казакстан жана Араб өлкөлөрүнөн келе турчу каттамдарга уруксат берилет.

Өлкөдө пандемияга байланыштуу март айынан бери эл аралык каттамдар токтотулган. Андан бери Кыргызстандын чет жактарда жүргөн жарандарын мекенге кайтаруу алкагында чартердик каттамдар уюштурулуп келди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM