Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө акыркы 20 күндө 10 миңдей эс алуучу барган

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 477 | 0

Ысык-Көл облусуна жайкы эс алуу үчүн баргандардын саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов маалымат жыйынында айтты.

Быйыл июнь айында облуска барган эс алуучулардын саны 3 миңдин тегереги болсо, июлдун 20 күнүндө эс алуучулардын саны 10 миңге жеткен.

«Акыркы жумада Ысык-Көлгө барып эс алган ички туристтердин саны кескин өстү. Алардын кээ бири Ысык-Көлдүн аймагында жүрүп ооруп калып жатышат. Айрымдары Балыкчы шаарында текшерүүдөн өткөндө таза чыкканы менен вирустун инкубациялык мөөнөтү ошол жакта болуп, ооруп калып жатышат», -дейт Боронов.

Өкмөт башчынын айтымында, Жалал-Абад облусунда, Ош шаары, Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон сакталууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 33 миң 844тү түзөт. Алардын 22 миң 296сы айыгып, 1329 адам каза болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM