Биз менен байланышыңыз

Президент мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 511 | 0

28-июлда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшыруу аземи болду. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы жана «Алтын сертификатка» ээ болушу менен куттуктады.

«Бүгүн силер аркылуу өлкөбүздүн бардык бүтүрүүчүлөрүн чоң турмушка аттануусу менен  куттуктайм. Силердин турмуш жолуңар шыдыр болсо экен деп тилейм. Биз силерге чоң ишеним, бийик үмүт артабыз«, — деп белгиледи президент.

Жээнбеков азыркы заманда мамлекеттин өнүгүүсү үчүн — жаратылыш байлыгы, элдин саны эмес, калктын билим деңгээли чечүүчү мааниге ээ экенин айтты.

«Ошондуктан, коомдун интеллектуалдык  потенциалын биздин өнүгүүбүздүн негизги ресурсу катары баалайбыз. Биз бул жолду азыр гана тандап алган жокпуз, коомубуздун тарыхы, ата-бабалардын баскан жолу ушундай болгон. Биз материалдык байлыкты эмес, руханий байлыкты бийик тутуп, сактап, муундан муунга өткөрүп  келген элбиз. Силер сындуу алдыңкы жаштарыбыз ушул жолду улантат«, — деп айтылат куттуктоодо.

Президент сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын белгиледи.

«Буга быйыл республика боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүбүз Нурбек кызы Акмарал — алыскы Алай районунун окуучусу экендиги мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга  жетишибиз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам», — дейт мамлекет башчы.

Быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM