Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев кикбоксер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылды

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 1989 | 1

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кыргызстандык спортчу, кикбоксер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылып алганын жарыялады. Ал бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазды.

Дастан Али Шаршеев тай боксу боюнча Азия жана Евразия чемпиону. Ал бир топ эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 27-июлда дайындалды. Облусту буга чейин Акылбек Осмоналиев жетектеген. Акылбек Осмоналиев учурда өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болду.

Балбак Түлөбаев буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратын жетектеп келди.

Урматтуу калайык!Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым.Эми элине кызмат кылсын. #иштейберели

Опубликовано Балбаком Тулобаевым Вторник, 28 июля 2020 г.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    28.07.2020 21:22

    Кооп кетпей, элдин койгойун тушунон, эл менен иштегенди чарба иштерин тушунгон болсо болду, анан озуно телохрана алган болсо олгону.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM