Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Ыктыярчылардан жардам алууга тыюу салынган эмес

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 404 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги гуманитардык жардамды кабыл алууга тыюу салуу боюнча расмий буйрук чыгарган эмес. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.

Буга чейин айрым ыктыярчылар ооруканалар алардын жардамын алуудан баш тартышкандыгын айтып чыгышкан. «Ыктыярчылардан гуманитардык жардам алган дарыгерлер иштен бошотулушу мүмкүн» деген сөздөр болгон.

Айнура Акматова: «Мындай көрсөтмө өлкөнүн бир дагы облусуна берген эмес. Тескерисинче, эпидемиянын башталышынан тарта клиникаларга, дарыгерлерге жана саламаттыкты сактоо тутумдарына керектүү жардам көрсөткөн бардык ыктыярдуу топторго ыраазычылык билдиребиз«, — деп билдирди.

28-июлда вице-премьер-министрлер Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев пандемия учурунда элге жардам берген ыктыярчылар менен жолугушту. Исмаилованын пикиринде, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ыктыярчылар чоң салымын кошту.

Ошондой эле, Исмаилованын айтымында, ыктыярчы уюмдар менен өкмөттүн күч-аракетин координациялоо үчүн birge.pro платформасы иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM