Биз менен байланышыңыз

Күзгү себүү мезгилинде буудайдын аянты көбөйтүлөт

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 459 | 0

Күзгү айдап-себүү мезгилинде буудайдын аянты көбөйтүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев маалымат жыйынында кабарлады.

Күз-кыш мезгилине алдын ала даярдануу үчүн ун азыктары, суу май менен жетиштүү камсыздоо аракети көрүлүп жатат. Министрлик күзгү себүү учурунда буудайдын аянтын 220 миң гектарга чейин көбөйтүүнү сунуштайт.

«Жер-жерлердеги бардык бийлик бутактарынан суранып кетебиз, азык-түлүк менен камсыздоо боюнча өкмөттүн тапшырмасын өз убагында аткарышса жакшы болмок. Биз быйыл буудайдын аянтын 300 миң гектарга чейин көбөйтүүнү сунуштаганбыз. Анын 80 миң гектары жазгы себүү, 220 миң гектары күздүк буудайга«, -дейт министр.

Чодуевдин айтымында, учурда оруп-жыюу иштери да жүргүзүлүп жатат, өлкөдө базалык азык-түлүк жетиштүү. Быйыл 6 айда 64 млрд 646 млн сомго продукциялар өндүрүлгөн. Анын ичинде мал-чарбасы 50 млрд сомго, өсүмдүк өстүрүүчүлүк 11 млрд 293 млн сомго өндүрүлгөн.

Быйыл 247,5 миң га буудай себилген. Аймактарда оруп-жыюу иштери жүргүзүлүп жатат. Айрыкча Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк боюнча көрсөткүчтөр жакшы.

2020-жылы «Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 4,2 млрд сомго 8 миң насыя берилди.
Ошондой эле 250 техника берүү пландалган, бүгүнкү күнгө карата 204 даана техника лизингге берилди.

Үрөнчүлүк чарбаларын колдоо жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн сертификацияланган сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу максатында «Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо» мыйзамы кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM