Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын сотторунда отурумдар онлайн өткөрүлүп жатат

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 354 | 0

Бишкек шаарынын сотторунда 2020-жылдын 7-июлунан тарта  сот отурумдар видеоконференция байланыш аркылуу ѳткѳрүлүп жатат.

Мындай иш чаралар сот системасы тарабынан сот отурумдун катышуучуларынын топтолушун азайтууга жана  коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ үчүн колдонулуп жатат.

Бир нече күн ичинде Бишкек шаарынын соттору жазык жана жоруктар иштер боюнча «дистанциялык сот отурумдар»  порталына 141 ишти карап чыгууга ѳтүнүч киргизишкен. Ал иштер боюнча 49 сот отуруму ѳткѳрүлгөн.

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси 2020-жылдын 1-июнунан баштап, жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар»  порталын ишке киргизген.

Портал сот отурумдардын убакытын оптималдуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн  иштелип чыккан. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында же жарандын жашаган жерине жакын арадагы сот отурумдары аудио-видеофиксация системасы менен жабдылган сот органдарында видеоконференция байланыш аркылуу айыпталуучулардан, күбѳлѳрдѳн, жабырлануучулардан  сурак алуу үчүн шарттар түзүлгѳн.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы соттолуучуларды жана соттолгондорду сот залдарына алып келүү аракетин короновирус инфекциясынын жайылышына жана пневмония оорусу күчөгөндүгүнө байланыштуу убактылуу токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM