Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 1091 бейтап COVID-19 илдетинен сакайды

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 221 | 0

Кыргызстандын ооруканаларынан бир сутка ичинде 1091 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыгышты. Алар:

-Бишкек шаары боюнча 329 бейтап;

-Чүй облусу – 84;

-Ош облусу – 85;

-Талас облусу – 48;

-Нарын облусу – 67;

-Ысык-Көл облусу – 137;

-Жалал-Абад облусу – 195;

-Баткен облусу – 70;

-Ош шаары – 76.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны (пневмонияны эске алганда) — 22 миң 296га жетти.

Учурда ооруканаларда 10 миң 227 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. (Тастыкталган коронавирустан 4428 адам, пневмониядан 5799 бейтап).

Илдетти жуктургандардын жалпы учурлары 33 миң 844кө жетти, 1329 бейтап кайтыш болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM