Биз менен байланышыңыз

Өкмөт менен ыктыярчылардын ишин бириктерген платформа иштелип чыкты

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 316 | 0

Вице-премьер-министрлер Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев пандемия учурунда элге жардам берген ыктыярчылар менен жолугушту. Исмаилованын пикиринде, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ыктыярчылар чоң салымын кошту.

«Биздин бүгүнкү жолугушуунун максаты – волонтердук кыймылдын көйгөлөрүн талдоого алып, илдетке каршы турууда күч-аракетибизди бириктирүү. Волонтердук уюмдар жарандарга жана мамлекетибизге колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө аракетин кылууда. Мамлекетик органдар волонтерлорго ар тараптан көмөк кылышы керек. Күч-аракетибизди координациялоо үчүн birge.pro платформасы иштелип чыккан», — деди Исмаилова.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, ыктыярчылар күнүмдүк көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти. Алар мисалдардын негизинде абалды жакшыртуу жолдору боюнча өз сунуштарын киргизишти.

Алсак, аймактарга өзгөчө көңүл буруу, медицина кызматкерлеринин саламаттыгын жана өмүрүн сактоо маселеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, электрондук медицинаны ишке киргизүү, кризистик шарттарда бизнес-коомчулукту колдоо, пандемияга каршы күрөшүү боюнча калкка маалымат берүү тууралуу маселелер козголду.

Жыйынтыгында, мындай жолугушууларды туруктуу өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM