Биз менен байланышыңыз

Статком: Өзгөчө кырдаалдар министрлигине элдин ишеними жогорулады

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 420 | 0

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында элдин ишеним индекси боюнча министрликтер, ведомстволор арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 47,8 упай менен алдыңкы орунга чыкты. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.

Аталган министрликке болгон калктын ишенимин жогорулатууга төмөнкү көрсөткүчтөр негиз болгон:

-2020-жылдын биринчи жарым жылындагы “Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин баалоо” индекси — 48,9 упай;

— “Мамлекетке жарандын жеке ишеними” индекси — 52, 2 упай;

— «Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк” индекси — 42,7 упай.

ӨКМдин маалыматына караганда, быйыл 6 айда өрттүн саны — 30,5%га кыскарган.

Куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 6 айда жол кырсыгынан — 40 (2019-жылы — 70), өрт кырсыгынан – 24 (2019-жылы — 46), экстремалдык абалда — 25 (2019-жылы — 56), жалпысынан — 89 (2019-жылы — 173) адам куткарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM