Биз менен байланышыңыз

Кайтарым фонду: Өз ишиңизди баштоого мүмкүнчүлүк алыңыз!

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 764 | 0

Кайтарым фонду – жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн жаш ишкерлерге пайызсыз, күрөөсүз жана кепилдиксиз каржылоо (грант эмес) алууга мүмкүнчүлүк берет.

2018-жылы Жаштарды Өнүктүрүү Институту жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча компонентин ишке киргизген. Бул компоненттин багыттарынын бири — жаштардын ишкердигин өнүктүрүү жана жаштардын каржылоо инструменттерине мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Ал үчүн БУУ Өнүктүрүү программасынын жана Кыргызстандагы Япониянын элчилигинин каржылоосу менен Кайтарым Фонду түзүлгөн. Бул фонд пайызсыз жана күрөөсүз 6 айдан 12 айга чейинки убакытка жаштарга жана жаштар уюмдарына ишин баштоо же ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн финансылык каражаттарынын берүүчү фонд.

Бүгүнкү күндө Фонддо 23 алуучу бар, алар төмөнкү пилоттук жерлерде 187 жумушчу орунду (132 туруктуу жумуш, 55 убактылуу) түзө алышкан:

1) Карабалта шаары, Чүй областы, 2) Балыкчы, Ысык-Көл облусу, 3) Кочкор, Нарын облусу,

4)  Кара- Буура, Талас облусу, 5) Сузак, Жалал-Абад облусу, 6) Исфана шаары, Баткен обусу.

Startup идеясы болгон, жеке бизнесин ачкысы  келген же  бар болгон ишин кеңейткиси келген жаштарды (ЖӨИ)  Жаштарды Өнүктүрүү Институтунун Кайтарым фонду мыкты эксперттик колдоо жана пайызсыз каржылоо алууга чакырат.

Төмөнкү региондордогу жаштарга мүмкүнчүлүк берилет:

  1. Карабалта шаары, Чүй облусу;
  2. Арча-Бешик конушу, Бишкек шаары;
  3. Балыкчы, Ысык-Көл облусу;
  4. Кочкор айылы, Нарын облусу;
  5. Кара-Буура айылы, Талас облусу;
  6. Базар-Коргон айылы, Жалал-Абад облусу;
  7. Сузак айылы, Жалал-Абад облусу;
  8. Чекабад айылы, Ош облусу;
  9. Нариман айылы, Ош облусу,
  10. Исфана шаары, Баткен облусу. ⠀

Кайтарым фонду жөнүндө жобо, арыздын формасын, бюджеттик форманы жана акча каражаттарын алуу үчүн ЗПЗны төмөнкү сайттан https://vf.jashtar.org  жүктөп алууга болот.

Арыздар электрондук түрдө (орус же кыргыз тилинде) “Тема” тилкесинде «Бизнес идеясынын аталышы» жазылып ybd@jashtar.org. электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.

Арыз кабыл алуу дедлайны 7-август.

Кошумча маалыматты иш күндөрү саат 09: 00дөн 17: 00гө чейин төмөнкү  байланыш телефондор аркылуу алууга болот:

+996 (770) 888 435,

+996 (709) 987 744 (WhatsApp)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM