Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Саламаттыкты сактоо министри иштен кеткен жок

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 493 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткен жок. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Министр Сабиржан Абдикаримов ооруканадан чыкты. Ал учурда аралыктан иштеп жатканы жана жакынкы күндөрү ишке чыгары айтылды.

Буга чейин Сабиржан Абдикаримовдун иштен кетүү боюнча арыз жазганы айтылган.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 8-июлда пневмонияга кабылган. Ошондой эле анын орун басары Нурболот Үсөнбаев да коронавирус жуктуруп алып, дарыланып жаткан.

Сабиржан Абдикаримов 2020-жылдын 1-апрелинде Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Министрликти буга чейин Космосбек Чолпонбаев жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM