Биз менен байланышыңыз

Бекматов: Үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 210 ЖМК катталды

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 394 | 0

Парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 211 массалык маалымат каражаты жана интернет басылмалары Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу билдирген. Анын ичинен 210 ЖМКны каттоодон өткөрүү чечимин БШКнын жумушчу тобу кабыл алды. Бул маселе Боршайкомдун 27-июлдагы жыйынында бекитилет.

Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Маралдын” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, быйылкы парламенттик шайлоо процессин чагылдыруу жана үгүт иштерин жүргүзүүдө жол-жоболор өзгөртүлдү. Тагыраагы, пандемиялык шартка байланыштуу үгүт иштерин жүргүзүүдө массалык маалымат каражаттары жана интернет басылмаларына көбүрөөк аянтча берилет:

“Себеби эл өзү шайлай турчу партия мүчөлөрү менен мурдагыдай стадиондорго, маданий мекемелерге чогула албайт. Эгер чогулса, социалдык аралыкты сактап, гигиеналык эрежелерди сакташы керек болот. Пандемия маалында да шайлоону өткөрүү тажрыйбасын үйрөнүү керек. Биз бул багытта башка мамлекеттердин тажрыйбасын карап жатабыз. Шайлоо өткөрүүдө шайлоочулардын коопсуздугун кантип сактоо керек деген маселеге көңүл буруп жатабыз”, -дейт Бекматов.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 43 саясий партия катталган.

Үгүт иштери 4-сентябрда башталат, 20-августка чейин саясий партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бериши керек.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM