Биз менен байланышыңыз

Айрым партиялар банктагы эсебине акча которо баштады

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 435 | 0

2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыша турчу саясий партиялар банктарда эсеп ачып, акча которо башташты. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, каттоодон өткөн 43 партиянын 41и эсеп ачты.

Мыйзамга ылайык, банктар Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

БШКнын маалыматы боюнча, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын банктык эсебинде 3 млн сом бар, “Кыргызстандын жашылдар партиясынын” эсебинде 200 сом, «Социал-демократтар» партиясынын эсебине 50 миң 300 сом түштү.

Башка партиялардын эсептери боюнча маалыматтар жарыялана элек.

Саясий партиялар шайлоого катышуунун кепилдиги катары 5 миллион сом өлчөмүндө шайлоо депозитин төлөшү керек. Шайлоодон утулган учурда партиялардын алган добуштарынын пайызына жараша шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталат, 20-августка чейин саясий партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бериши керек.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 43 саясий партия катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM