Биз менен байланышыңыз

Жеке коргонуучу каражаттарды колдонуунун тартиби өзгөрдү

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 530 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кызматкерлердин коргонуучу процедураларына өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, атайын тобокелчилик деңгээлдери бекитилди:

1-Эгерде курч вирустук респиратордук оорулардын симптомдору жок, чет өлкөгө барбаган, COVID-19 илдети менен ооругандар менен байланышта болбогон биринчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, тактап айтканда: үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП кызматкерлери жана башка стационарда иштеген медкызматкерлер атайын бир жолу колдонулуучу медициналык беткап кийиши зарыл.

2-Тобокелчилик деңгээли орточо болгон экинчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине оорунун симптомдору бар жарандар кайрылган учурда, төмөнкү каражаттарды колдонуусу зарыл:

респиратор, коргоочу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, коргочуу костюм же бир жолу кийиле турган медициналык халат, чепчик, колкап жана алмаштырылуучу туюк бут кийим.

3-Тобокелчилик деңгээли жогору болгон, COVID-19 илдети менен ооруган же ага шектүү болгон бейтаптар менен иштеген медкызматкелер, ошондой эле обсервацияда, мобилдик бригадада, тез жардам кызматында иштегендер:

FFP респираторлорун, коргоочу көз айнек, бетти калкалочу калкан, коргоочу костюм, бир жолу кийилүүчү медициналык халат узун жеңи менен, беткап, алмаштырылуучу туюк бут кийим анын үстүнөн бахила кийиши керек.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы 2683 учур катталып, анын 1478и айыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM