Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан 817 бейтап айыкты

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 322 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутканын ичинде  коронавирус инфекциясынан 817 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Пандемия башталгандан бери бул илдеттен айыгып кеткендердин жалпы саны 21 миң 205ке жетти.

Учурда ооруканаларда 10 миң 801 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Анын ичинде тастыкталган коронавирус инфекциясы менен 4 миң 722 адам жана пневмониядан 6 миң 79 бейтап  дарыланууда.

27-июлга карата коронавирустун 483 жаңы учуру катталып, жалпы учурлар 33 миң 296га жетти. Пандемия башталгандан бери коронавирус илдетинен 1301 бейтап кайтыш болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM