Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 24 бейтап каза тапты

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 401 | 0

Кыргызстанда 27-июлга карата 24 бейтап COVID-19 илдетинен каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди

Бишкек шаары боюнча өлүм коштогон — 6 учур, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 1, Ош облусу — 1, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 4, Жалал-Абад облусу — 6, Баткен облусу — 1 учур катталды.

Пандемия башталгандан бери коронавирус илдетинен кайтыш болгондордун саны 1301ге жетти.

Кыргызстанда коронавирус диагонозу менен катталгандардын жалпы саны 33 миң 296ны түздү. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 21 миң 205ке жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM