Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайы тазаланып, жол ачылды

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 518 | 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 142-чакырымында кокту-колоттордон түшкөн жаан суулары жолду каптап, унаа өтүүгө кыйынчылык жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, жерине куткаруучу топ жана атайын техника тартылган. 26-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен унаа жол тазаланып ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM