Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга дары-дармек жиберди

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 474 | 0

Кытайдан Кыргызстанга COVID-19ду дарылоо үчүн керектүү дары-дармектер келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилигинин дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаментинен билдиришти.

Кытайдын COVID-19ду дарылоо үчүн керектүү антикоагулянттар тобунан эки түр дары келген — эноксипарин (42 миң 930 даана) жана нандропарин (33 миң даана).

Ошондой эле COVID-19ду дарылоодо колдонулган 105 миң даана суюк дары-дармек келди.

Мамлекеттин эсебинен алынып жаткан дары-дармектер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылаган саламаттык сактоо мекемелери арасында бөлүштүрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM