Биз менен байланышыңыз

Араб өлкөлөрүнөн 142 кыргызстандык мекенине кайтты

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 384 | 0

24-июль күнү «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен Кыргызстанга Бириккен Араб Эмиратынан 142 кыргызстандык келди, алардын арасында жаш балдар да бар.

Ошондой эле, бул каттам менен Кыргызстанга АКШ, Иордания, Сингапур, Сауд Аравиясы, Германия, Корея Республикасы, Камбоджа, Пакистан, Бахрейн жана Мальдив өлкөлөрүнөн мекендештер кайтып келишти. Алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан.

Дубай-Бишкек багыты боюнча кийинки каттам 31-июлга пландалган, бул каттамдар менен Кыргызстанга БАЭ менен үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жандандырган Кыргызстандын жарандары келе алышат.

Авиабилеттерди сатып алуунун алдында жарандар түздөн-түз авиакомпаниядан Дубайдагы ишке ашырылган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоосу керек.

Дубай шаарынын аэропортунда каттамга каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тесттер алынып, жыйынтыктары терс чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM