Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 256 | 0

24-июлда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады.

Жээнбеков Өзбекстан президентинин кыргыз-өзбек элинин достук, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын жогору баалады.

Эки президент чек ара кызматташтыгы жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо иштерин жандандырууну талкуулашты. Мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө макулдашышты.

24-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 63 жаш — пайгамбар жашына толду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев пайгамбар жашын белгилеп жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM