Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрлигине 11 чет мамлекеттен жардам келген

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 327 | 0

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине 11 чет мамлекеттен жардам келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов маалымат жыйынында билдирди.

Коронавирус инфекциясынын пандемиясы учурунда, Саламаттык сактоо министрлигине башка мамлекеттер, эл аралык өнөктөштөр жана жөнөкөй жарандар гуманитардык жардам берип жатышат. Бул гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Бардык маалыматтар www.med.kg сайтына жайгаштырылган, — дейт Шадыханов.

Өлкөгө келип түшкөн жардам медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык маанидеги буюмдардын 25 аталышын камтыйт.

Бул убакыттын ичинде, биз 11 чет мамлекеттен жардам алдык, алар: Азербайжан, Кытай, Түркия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Швейцария, Иран, Өзбекстан, Россия, Америка Кошмо Штаттары. Андан сырткары, жергиликтүү жана эл аралык 65 уюмдан гуманитардык жардам келип түшкөн. Алардын арасында: БУУ системасындагы уюмдар, ПРООН, ТIKA, Алтын Кен, «Нурлуу кайрымдуу кыздар» коомдук фонду жана башкалар бар, — деп кошумчалады Шадыханов.

Акматова: Кыргызстандын калкынын 0,5% коронавирус жуктурду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM