Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан бюджетти колдоого 506 млн доллар тартууну пландап жатат

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 357 | 0

Каржы министрлиги 506,4 млн доллар өлчөмүндө каражат тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул маалымат жыйынында билдирди.

Бюджетти колдоо үчүн максималдуу узак мөөнөткө жана аз пайызы менен 506,4 млн доллар өлчөмүндө грант жана насыя тартуу пландаштырылып жатат. Анын ичинен, 69,6 млн доллары грант жана 436,8 млн доллар насыя болот. 319,2 млн доллары азыркы күндө Эл аралык валюта фондунан, Азия өнүктүрүү банкынан келип түшкөн, — деди министрдин орун басары.

Анын маалыматында, Эл аралык валюта фондунун алкагында, Кыргызстан жалпы суммасы 241,95 млн долларды түзгөн эки траншты алган.

Биринчи транш 120,85 млн доллар өлчөмүндө министрликке 31-мартта келип түшкөн, экинчи транш 121,1 млн доллар өлчөмүндө 12-майда келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM