Биз менен байланышыңыз

Финпол: Кампада катылган дары-дармек аймактардагы дарыканаларга таратылмак экен

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 470 | 0

Финансы полициясы Бишкектеги дарыканалардын кампаларында табылган дары-дармек сатыкка чыгаруу үчүн сакталып турганын аныктады. Мекеменин маалыматына караганда, ал атайын катылган эмес, өлкөдөгү дарыканаларга таратуу үчүн кампада сакталып турган.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда Бишкекте дары каражаттары катылган эки кампа аныкталганын айткан. Анда кымбат баада сатуу үчүн эки кампага сакталган гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар бар экени айтылган.

Дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан учурлар боюнча 27 факт катталганы кабарланган.

Финансы полициясы тарабынан бааларды негизсиз кымбаттаткан дарыканаларга, монополисттик келишимдерди түзүп алган физикалык тараптарга, алып сатарларга карата чаралар күчөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM