Биз менен байланышыңыз

Бир суткада коронавирустан 1247 бейтап айыкты

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 363 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1247 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Анын ичинде:

— Бишкек шаары боюнча 497 бейтап айыкты;

— Чүй облусу боюнча – 164;

— Ош облусу – 116;

— Талас облусу – 34;

— Нарын облусу – 45;

— Ысык-Көл облусу – 153;

— Жалал-Абад облусу – 93;

— Баткен облусу – 22;

— Ош шаарында 123 бейтап сакайды.

Өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 18 миң 38ге жетти. Ал эми вирус жуктурган учурлардын саны 24-июлга карата 31 миң 247 адам болду. Илдеттен 1211 бейтап каза тапты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, Кыргызстанда калктын 0,5 пайызы коронавирус жуктурду. Ал эми илдеттин белгилери жок ооруп жаткандардын санын билүү үчүн учурда иммунно-ферменттик изилдөө жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM