Connect with us

Кыргызстанда акыркы суткада 921 кишиден коронавирус чыкты

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 614 | 0

Кыргызстанда 24-июлга карата дагы 921 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 31 миң 247 адамга жетти.

Учурда ооруканаларда 12 миң 2385 бейтап дарыланып жатат. Тастыкталган коронавирус инфекцисы менен 6098 адам, пневмония менен 6287 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде 53 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын 22си дарыгерлер. Ошол эле учурда бир суткада 74 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан жана үй карантининен  чыгарылды.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2580 учур катталды, анын 1234ү айыкты.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандардын саны 1247ни түздү. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 18038.

Copyright © 2017 Maral FM