Биз менен байланышыңыз

24-28-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 574 | 0

24-28-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Ага байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 24-июлда түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен облустарынын этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +28…+33;

Талас жергесинде түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +31…+33 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM