Биз менен байланышыңыз

Соронкулов: Маралдарды бүт Кыргызстанга жайылткыбыз келет

Блог , Пикирлер | 24 Июл 2020 | 1883 | 0

Көз карандысыз эколог Гамал Соронкулов жок болуп бараткан жаныбарлардын катарына кирген бугу, марал сыяктуу жаныбарларды көбөйтүү максатында көп жылдардан бери аракет кылып келет. Анын демилгеси менен маралдарды бир аймактан башка аймакка көчүрүү, аларды көбөйтүү иштери аткарылууда.

-Маралга болгон кызыгуу кайдан жаралды эле?

-Мен өзүм Талас облусунун Бакай-Ата районунун Марал деген айылынан болом. Илгери биздин айыл Үйүр-Марал болчу. Кийин орустар келип карталарды жазганда УрМарал деп жазылып калган, үйүрлөдү уруп-кырып жок кылып койгондой болуп. Маралдарды алып келип, атын кайтадан Үйүр-Марал деп өзгөртөбүз деген ниетибиз бар.

Кыргызстан боюнча токойлуу жерлердин баарында марал бар болчу. Ошондуктан маралдын атына коюлган жерлердин аты көп өлкөбүздө. Кийинчерээк эле кырылып, өлтүрүлүп жок болгон. Чыңгыз Айтматовдун Ак-кеме чыгармасын окуп жүрүп, Нургазы кыялдангандай кыялданчумун. Анан кийин 2011-жылы Илимдер академиясына барып, ошол жерде лабораторияны жетектеген Аскар Даулетбаков деген күчтүү биолог бар, аны менен тааныштым. Ага маралдар боюнча айтсам, кеңешин берип, көбөйтүүнүн жолун көрсөттү.

Ошол маалда Кыргызстанда Нарын мамлекеттик коругунда гана маралдар калган болчу. 1983-жылы ошол корукту уюштуруп жаткандагы биринчи максат өлкөнүн башка райондорунда маралдарды көбөйтүү болгон. Тилекке каршы, ал иш көп жылдар бою ишке ашкан эмес.

Аскар Давлетбаков менен макулдашып, жаныбарларды алып келүү боюнча «Маралдарды Батыш Тянь-Шанга реинтродукциялоо» долбоорун жаздым. Чаткалда, андан сырткары өзүмдүн айылымда аракет кылып көрдүм, бирок коомчулук да колдогон жок, жергиликтүү бийлик да бул ишке кызыккан жок.

-Ал учурда Аксы районунда экология боюнча сабак берип жүргөм, убагында Жалал-Абад облусунда экологияны башкаргам. Ак карагай (пихта семенова) деген бар, ошону көп кыйып жаткан учур болчу. Ушуга байланыштуу чогулуш өтүп жатканбыз. Жергиликтүү балдар биз коргойлу, жардам бербейсизби деп калды. “Жамаат Алан-Тоо” деген коомдук бирикмени ачып, браконьерлерге каршы топ түздүк. Токойду кыйгандарга каршы аракет жүргүздүк. Аларга Марал долбоорун айтсам кызыгып калышты. Маралдарды да Алан-Тоо деген тоого алып бармакпыз, долбоордо да ошентип жазгам. Комиссия менен 3-4 жолу чыгып, жайыттарды текшерип, мүмкүнчүлүктөрдү эсептеп чыкканбыз.

2015-жылы күздүн этегинде мурда Бишкекте бар эле, азыр жок америкалык «Кристенсен Фонду» менен байланышып, алар «Леонардо ди Каприонун Фондуна»  байланышып, «Силикон өрөөнүнүн Фонду» бизге 30 миң доллар грант берген. Тилекке каршы, 1 жылда бүтө турган иш 3 жылга созулуп кетти. Ошондо да сүйүнүп отурабыз, 2018-жылы июнь айында максатыбызды ишке ашырдык. Нарын коругунан 9 баш марал Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына жеткирилди.

-2 маралыбыз болсо колдо чоңойгондуктан, Сары-Челекте айылга, сууга түшүп турат. Алар туристтерге селфи кылганга бир обьект болуп калды.  Калган маралдарыбыз токойдо, жапайы болуп кетти деп жүрөбүз. Былтыр койчу бала бирөөсү тууганын айтып, аны баласы менен көргөн экен. Телефону жөнөкөй болгондуктан видеого тарта албай калыптыр.

Маралдар байырлап калды, негизги максатыбыз ишке ашты. Эми бул долбоорду токтотпостон, улантабыз, буюрса.

Нарын коругунан Кара-Кулжадагы Кулун-Ата коругуна алып баруу боюнча ошол жактын жетекчилиги план жазып, аракет кылууда. Пандемия бүтсө, алдыда долбоорду дагы уланталы деген ойлор бар. Таласта Карагайлы, Кара-Коюн деген жерлер бар, ошол жактарга да алып баралы деп жатабыз.

-Көчүрүп баргандан кийин кантип кам көрөсүздөр?

-Негизи, маралдар — мамлекеттин маралдары. Биз жөн гана бир коруктан бир корукка алып барып, ошол коруктагыларга өткөрүп келдик. Биз да кошумча ыктыярылык кылып жаттык. Фотокапкандарды коюп, барып изилдеп дегендей. Быйыл мына барабыз деп жатканыбызда пандемия болуп калды.

Көбүнчө мергенчилик департаментиндеги балдар, токойчулар карайт. Марал барган жерде браконьерлик токтогонун байкадык. Буюрса, эч ким атканга барган жок, бул касиеттүү жаныбар болгондуктан эч ким атпайт да болуш керек.

Фотокапканга түшкөн сүрөттөр

-Сиздерде гранттан сырткары колдоо барбы?

-Өзүм, досторум, уккан тааныштар жардам берип жатты. Грантта каралган акча менен тик учак жалдап, тоонун үстүнө алып чыкмакпыз. Мамлекеттик органдар уруксат бербегендиктен гранттын жарым акчасын иштетип, калган 15 миңин кайра берип жибердик.

Эгерде долбоор боюнча тик учактар менен Алан-Тоого чыгарып алганыбызда, демөөрчүлөр 30 миңден кылып, бөлүп-бөлүп 93 миң долларлык грант бермек. 3 жылга созулду, анан долбоордогудай кыла албадык. Биздин жамаатка «капа эмеспиз, рахмат» деди, бирок мамлекеттик органдарга ичи чыкпады.

Тик учактар менен келишимдер түзүлүп, акча да дайын эле. Вертолеттор менен тоонун үстүнө чыгарып алганыбызда долбоордун мааниси башкача болмок. Азыркыга чейин эмнеге уруксат бербегени түшүнүксүз.

Бюрократтык механизм иштеди, кесиптештер коркту, кыскасы уруксат беришпеди. Коркуп жатып 3 жылга созуп койду. Акчаны төлөп жатсак, вертолет дайын, врачтар дайын, тоонун үстүнө алып чыгып алсак карышкыр чыкпайт, коруганга, кайтарганга оңой болот дедик, бирок уруксат берилбей, толук ишке ашпай калып калды.

-Тоодо маралдарга коркунуч жокпу?

-Марал барган жерге эл жакшы мамиле кылып жатат, атат деген коркунуч жок. Карышкыр ал жакка 2-3 жылдан бери бара элек. Ал эми илбирс жесе, мен кубанмакмын. Негизи марал илбирстин жеми болуп саналат. Илбирс жесе, демек, аймакта  илбирс бар деп сүйүнуп калмакпыз.

-Маралдарды алып бара турган жерлерди кантип тандайсыздар?

-Башында айткандай, Кыргызстандын бардык жерин марал байырлаган. Карагай, шактуу, бадалдуу токой болуш керек. Жайыты болуш керек. Салкын, аска-зоолуу, суусу бар жерлерди тандап туруп алып барабыз.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM