Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга сырттан келген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 602 | 0

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстанга коңшу мамлекеттерден жана чет өлкөлөрдөн келген жардамдар тууралуу маалымат берди.

Казакстандан келген жардамдар

Казакстандын өкмөтү тарабынан 5 миң тонна көлөмдөгү ун түрүндө азык-түлүк жардамы берилди, ал 29-апрелден 2-майга чейин этап-этабы менен жеткирилди.

Өзбекстан

Өзбекстан өкмөтү тарабынан беш партия жүк жөнөтүлүп, анын ичинде жеке коргонуу каражаттары, азык-түлүк, дары-дармектер жана жабдуулар берилди.

Кытайдан келген жардамдар 

Кытай өкмөтүнөн расмий тартипте эки гуманитардык жардам алынган. Биринчи жүк 10-апрелде, ал эми экинчиси – 11-майда келген. Жүктүн курамында экспресс-тесттер, медициналык халаттар, жылуулук термометрлери, коргонуу көз айнектери, медициналык кол каптар, маскалар жана башка жеке коргонуу каражаттары бар.

Кытайдын өкмөттүк түзүмдөрү, региондору, кытай компаниялары тарабынан да чоң жардам берилген. Алардын арасында Синьцзян-Уйгур автономиялуу району, бир катар провинциялардын элдик өкмөттөрү, Фошань, Урумчи, Шанхай шаарларынын мэриялары, «Алибаба», «Хуавэй», «Джунда», COSCO, «China MehecoCo.» компаниялары, «Джек Ма» фонду жана башка көптөгөн компаниялар бар.

Түркиянын жиберген жардамдары

Кыргыз президентинин Түркиянын өлкө башчысы менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, 15-июлда Бишкекке Түркиядан жардам келген. Анын курамында, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары (ИВЛ), кычкылтек концентраторлору, ПЦР-тест комплекттери, жеке коргонуу каражаттары бар.

ТИКА агенттиги орчундуу көмөк көрсөтүүдө. Түркиянын Элчилигинин демилгеси менен Кыргызстанда иштеп жаткан түрк компанияларынан да жардамдар алынды.

Эл аралык уюмдардан жана өнөктөштөрдөн келген жардам

16-июлда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан 508 078 доллар өлчөмүндө кезектеги жардам келип түшкөн. Атом энергиясы боюнча Эл аралык агенттиги багыты боюнча коронавирусту аныктоо үчүн 63 795 еврого тез ылдамдыктагы жабдуу жана ага керектелүүчү материалдар алынган.

«Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан көмөк көрсөтүлгөндүгүн өзгөчө белгилеп кетким келет, алар тараптан бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды жана ишке ашыруу уланууда. Көчөлөрдө жарандарга пандемия тууралуу эскертүүлөрдү берип жүргөн автоунаалар же болбосо коронавирус коркунучу тууралуу маалыматтык долбоорлор ЕККУнун көмөктөшүүсү менен аткарылган«, — деп билдирди Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.

Мындан тышкары, БУУнун Өнүгүү программасынан, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан, БУУнун Балдар фондунан, БУУнун Калк фондунан, Атом энергиясы боюнча Эл аралык агенттигинен, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан, Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынан, Эл аралык эмгек уюмунан, БУУ-Аялдар структурасынан, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан, Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан жана башкалар.

Ошондой эле өнүгүү боюнча өнөктөштөр, ардактуу консулдар, түрдүү компаниялар жана кайрымдуулук уюмдары тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Алардын арасында Европа Биримдиги, Ага Хан ѳнүктүрүү фонду, ЖАЙКА, КОЙКА, ЮСАИД, ТИКА, ЖИАЙЗЕД, «Ротари Клуб Бишкек», «Катар Чарити», «Исар», «Рисаля», «Фонд Ас-Сафа», «Ассанабиль», «Fael Khair Program» фонддору бар.

Ошондой эле Япония, Корея Республикасы, АКШ, Канада, Венгрия, Германия, Швейцария, Бельгия, Сауд Араб Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт, Пакистан, Иран, Индия жана башка көптөгөн мамлекеттерден гуманитардык, техникалык, медициналык жардамдар алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM