Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Москвада кыргыз кыздарын тарбиялагысы келгендер кармалды

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 750 | 0

Орусиянын борбору Москвада чет өлкөлүктөр менен жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакырган жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факты боюнча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү чыр-чатактын алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн Орусиянын Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгына маалымдаган. Биргеликте көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө жогоруда айтылган балдардын аты-жөнү аныкталды.

Алар Чүй облусунун 28 жаштагы Б.Б., жана 24 жаштагы А.А., аттуу тургундары болуп чыкты. Алар ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укукка каршы аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралары эскертилди.

22-июль күнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигининде кыргыз диаспорасынын жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, мекендештердин мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу улуттар аралык чыр-чатакты козутууга түрткөн, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү аракеттерин болтурбоосу талкууланды.

Буга чейин Москвада кыргыз жигиттери кыргыз кыздарын башка улуттун балдары менен көрүп калса, сабай турганын айтып чыгышкан. Видеодо башка улуттун балдары менен жүргөн кыздарга эки жолу эскертүү берилип, болбосо физикалык күч колдонобуз деп коркутушканын көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM