Биз менен байланышыңыз

Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулганы айтылууда

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 447 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулгандыгы айтылып жатат. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан тастыктоо аракетибиз майнапсыз болууда.

Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулганын «Вечерний Бишкек» басылмасы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы жеке булактарына таянып жазды. Мындай чечимди 22-июлда мекемедеги комиссия кабыл алган.

Икрамжан Илмиянов Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, жети жылга эркинен ажыратылган. Ал Кылмыш кодексинин «өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси боюнча кесилген. Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албай турганын айтып келген.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо демөөрчүлүк жардам катары «Дизель комплект» ишканасынан 150 миң доллар алган деп айыпталган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана унааны камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн.

Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган. Аны жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызды 2018-жылдын сентябрь айында «Дизель комплект» компаниясынын башкаруучусу Асель Чымырбаева жазган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM