Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Орусиядан медициналык кызматкерлердин экинчи тобу келди

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 586 | 0

Бишкекке Орусиядан медициналык кызматкерлердин экинчи тобу келди. Өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, дарыгер-эпидемиолог, инфекционисттер жана башка адистер Москва жана Уфа шаарларынан келди.

Алар кыргызстандык медиктерге коронавируска каршы күрөшүүдө жардам беришет.

Мындан тышкары, 25-июлда Орусиядан атайын борт менен медициналык жабдык жана дары-дармектердин келери күтүлүүдө.

22-июлда Кыргызстанга Орусиядан аскер медициналык кызматкерлери келген. Өкмөттүн маалыматына караганда, медициналык кызматкерлерди Орусиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы «Кант» авиабазасына жеткирген. Атайын учак менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер да алып келинген.

20 кишиден турган медициналык топ кыргызстандык аскер дарыгерлери менен бирге аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер ардагерлерине кеңеш, практикалык түрдө жардам көрсөтүшөт.

Орусиялык адистер өлкөнүн эки шаарынын госпиталдарында, тагыраак айтканда, төрт топ Бишкекте, эки топ Ош шаарында иштешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM