Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков Европа биримдигинен дары-дармек алууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 378 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү.

Тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Чыңгыз Айдарбеков 2020-жылдын 20-июлунан тарта иштей баштаган “Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү «COVID-19″: каатчылыкка көңүл буруу чаралары» (CACCR) баарын камтуучу тилектештик пакети” деп аталган жаңы долбоор аркылуу дары-дармек каражаттарын алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Кыргыз тарап Борбордук Азияда COVID-19дун жайылуу кырдаалы турукташкандан кийин Бишкек шаарында Евробиримдик менен Борбордук Азиянын биринчи экономикалык форумун уюштурууну сунуштады.

Кыргызстанга ЕБ тарабынан берилген ВСП+ статусунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу алкагында долбоордук колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM